Кремлдин сайты 30-мартта «америкалык тараптын сунушу менен» Орусиянын президенти Владимир Путин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен телефондон көпкө сүйлөшкөнүн жазды. Анда эки лидер коронавируска байланыштуу дүйнөдөгү соңку жагдайды талкуулаганы, өз өлкөлөрүндөгү көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алмашканы айтылат. Андан сырткары Кремлдин сайтында эки президент «дүйнөлүк кара май базарындагы абал тууралуу ой бөлүшүп, бул багытта «орусиялык-америкалык кеңешүүнү» энергетика министрликтери аркылуу жүргүзүүнү, ошондой эле көзмө-көз жолугушууну улантууну макулдашты» деп жазылат.
Буга чейин АКШдагы басылмалар Дональд Трамп мунайдын баасына байланыштуу Орусия менен Сауд Арабиясынын тирешин талкуулаганы жатканын жазышкан эле.
АКШнын президенти 30-мартта «FoxNews» телканалындагы маегинде өз өлкөсүнүн тарыхындагы президенттердин ичинен Орусияга карата эң катаал саясат жүргүзгөн мамлекет башчысы экенин айткан. Ошондой эле эки жылдан бери Путин андан санкцияларды алып салууну өтүнүп жүргөнүн билдирген. Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков REGNUM маалымат агенттигине берген комментарийинде Трамптын айткандарын четке какты.
Расмий Вашингтон Трамп менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу азырынча комментарий бере элек.