Украинада парламент 30-мартта кезексиз жыйынга чогулуп, дээрлик 12 саат бою, түн бир оокумга чейин жер сатуу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап, талаш-тартыш менен кабыл алды. Жыйында мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун «Жашоо үчүн - Оппозициялык платформа» фракциясы мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы чыгып, парламенттин ишин үзгүлтүккө учуратканга аракет кылды. Президент Владимир Зеленский депутаттарды бул долбоорду колдоого чакырып, алардын ынандырыш үчүн Жогорку Радага талкуу маалында эки жолу келип кетти.
Добуш бергенге чейин депутаттар документтеги 400дөн ашык өзгөртүүлөрдү талкуулаганга үлгүрүштү. Соңунда мыйзам долбоору 259 добуш менен кабыл алынды, анын көпчүлүгүн, 206 добушту бийликтеги «Эл кызматчысы» фракциясынын депутаттары берди.
Кабыл алынган мыйзам долбооруна ылайык, жер сатуу 2021-жылдын 1-июнуна тартып башталат. 2024-жылга чейин жерди жеке тараптар гана сатып ала алат жана бир адамдын колундагы жердин аянты 100 гектардан ашпашы керек. Андан кийин жер юрдикалык тараптарга да сатыла баштайт жана анда аянты 10 миң гектарга чейин жетет. Ошол эле маалда жердин менчиктештирилишине тыюу салынат. Чет өлкөлүк жарандарга жер сатып алууга уруксат референдум аркылуу гана берилет. Жалпы элдик добуш берүү кийинчерээк болот.
Буга чейин Зеленский бул мыйзам долбооорун колдоого чакырып парламенттеги ар бир фракциянын лидерлери менен көзмө-көз жолукканы маалымдалган. Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин мурдагы президент Петр Порошенконун «Европалык тилектештик» фракциясы мыйзам долбоорун колдоого макул болгон. Ага чейин аталган фракция каршы чыгып жаткан болчу.
Айыл чарба багытындагы жерлерди сатыкка чыгаруу боюнча демилгени Эл аралык Валюта Фонду жана башка Европадагы бир катар насыялык фонддор колдоп чыгышкан эле. Алар муну реформадагы маанилүү кадам деп түшүндүрүшкөн. Эгер Украина бул мыйзам долбоорун кабыл ала турган болсо, 10 миллиард доллар насыя алышы ыктымал экени айтылган.