Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 14:23

Конгрессмендер Венгриядагы өзгөчө абал боюнча мыйзамды айыпташты


Виктор Орбан.

Америкалык эки конгрессмен венгр парламентинин премьер-министр Виктор Орбандын өзгөчө абал учурундагы ыйгарым укуктарын кеңейткен жаңы мыйзамын айыпташты.

Конгресстин Өкүлдөр Палатасынын Тышкы иштер боюнча комитетинин башчысы Элиот Энгел жана Сенаттын Тышкы мамилелер боюнча комитетинин төрагасы Жим Риштин мындай билдирүүсү 30-мартта жарыяланды. Анда конгрессмендер жаңы мыйзамда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал качан аяктай турганы жазылбаганын сынга алышкан. Элиот Энгел жаңы мыйзам венгр премьерине «өлкөнү диктатор сыяктуу декреттер менен башкарууга» жол ачарын, Виктор Орбан жарандарынын башына түшкөн кыйынчылыкты «өз кызыкчылыгына пайдаланып жатканын» билдирди.

Орбандын «Фидес» партиясы көпчүлүктү түзгөн венгр парламенти колдоп берген мыйзамга ылайык, Венгрияда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал белгисиз мөөнөткө созулат. Премьер-министр маанилүү чечимдерди депутаттардын макулдугу жок эле кабыл ала берет. Орбандын өкмөтү вирус качан токтоору белгисиз экенин, мындай чара кырдаалды жөнгө салуу үчүн кабыл алынганын билдирип жатат.

Венгрияда COVID-19 вирусу 447 адамга жугуп, алардын 15и каза тапты.

XS
SM
MD
LG