Орусияда Мамлекеттик Дума 31-мартта карантин режимин бузгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, коронавирус тууралуу атайлап жалган маалымат тараткандарды жазалоо жоболору камтылган мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Ага ылайык, маселен карантинди бузган кишинин кесепетинен адамдар каза боло турган болсо ал жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Андан сырткары өпкөнү сезгенткен илдет тууралуу жалган маалымат тараткандар беш жылга чейин камалышы ыктымал.
Мунун алдында орус өкмөтү карантин режимин бузгандар төлөй турган айыптын өлчөмүн кескин көбөйткөн. Административдик тартип бузуу жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми карантин тартибин бузган жарандарга 15 миңден 40 миң рубль, кызмат адамдарына 50 миңден 150 миң рубль, ал эми юридикалык тараптарга 200 миңден 500 миң рубль айып салынат. Эгерде алар карантин режимин кайталап буза турган болсо, жарандар 150 миңден 300 миң, кызмат адамдары 300 миңден 500 миң, ал эми юридикалык тараптар 500 миңден бир миллион рублга чейин айыпка жыгылат.
Мосва шаары менен Москва облусунда 30-марттан тартып өпкөнү сезгенткен вирустун жайылышын азайтуу максатында катаал чаралар күчүнө кирди.
Орусияда ооругандардын жалпы саны эки миң адамдан ашты. Соңку бир күндүн ичинде коронавирус 500гө чукул кишиден аныкталды.