Өкмөттүн Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда 30-мартта Түп районунун 27 тургуну обочолонгон жайга жайгаштырылды. Буга чейин Түп районунун Индияга барып келген эки тургуну 25-марттан бери обсервацияга жаткырылганы, анализдери Бишкекке текшерүүгө жиберилгени кабарланган.
Саламаттык сактоо министрлигинин 31-марттагы маалыматына караганда Ысык-Көл облусунда COVID-19 вирусун жугузган алгачкы эки адам катталды.
Облуста учурда 83 адам обсервацияда, 200дөн ашыгы үй карантининде кармалууда. Буга чейин ондон ашык кишинин анализдери таза чыгып, үйлөрүнө жиберилген.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жугузгандардын саны 31-мартка карата 107 киши болду. (KS)