Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Кыргызстанда вирус жуккан балдар көбөйүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан балдардын көбөйүп жатканы медицина кызматкерлерин тынчсыздандырууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, 31-мартка карата бул илдетке чалдыккан 107 бейтаптын арасынан 15 жашка чыга электери 11 бала. Алардын экөө бирге толо элек ымыркай.

Мамбетов мындай жагдайдын түзүлүшүнө үй карантинине алынган бейтаптар эрежени сактабай жатканы себеп болуп жатканын билдирди:

«Эки күндө беш үй-бүлөдө 15 адам ооруп калды», - деди ал.

Адис Кыргызстандын бардык облустарында дарыгерлердин 257 мобилдик бригадасы түзүлүп, иштей баштаганын кошумчалады.

30-мартта өлкөдө коронавирус жуккандардын арасынан 15ке чыга электери тогуз болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG