Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Европада аба тазарып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска байланыштуу карантин киргизилген Европанын бир катар шаарларында аба тазарып жатканын жандоочтон тартылган жаңы сүрөттөр айгинеледи.

Европадагы коомдук саламаттык альянсы бул сүрөттөрдү талдап, дүйшөмбү күнү жыйынтыгын жарыялады. Илимпоздор 5-марттан 25-мартка чейинки 20 күн ичинде тартылган сүрөттөрдү былтыркы жылдын ушул маалына салыштырышкан.

Анын натыйжасына ылайык, Брюссел, Париж, Мадрид, Милан жана Франкфурт шаарларында азот диоксидинин абадагы көлөмү кыйла азая түшкөн. Абаны булгаган бул майда бөлүкчөлөр көбүнчө автоунаалардан жана жылуулук борборлорунан чыгат.

Европанын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматы боюнча, испан өкмөтү 14-мартта өтө зарыл эмес транспорт каттамдарына тыюу салгандан тартып Мадридде жума сайын азот диоксидинин көлөмү орточо 56% азайып турган.

Февраль айында Кытай коронавируска байланыштуу катаал карантин жарыялагандан кийин да өлкөнүн бир катар аймактарында аба тазарганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG