«Келечекке жол» уюму кыргызстандыктарга коронавирус илдетине байланыштуу түзүлгөн абалдан улам кайрылып, ар бир адамды жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» уюмдун негиздөөчүсү Турсунбек Акун билдирди.
Кайрылууда «айрымдар өзгөчө абалдын талаптарын аткарбай, ички жана тышкы чек араларды бузуп, өлкө жетекчилигинин талаптарына баш ийбей, өз жеке кызыкчылыгы үчүн гана аракеттенип жатканы - өкүнтө турган көрүнүш. Ошондуктан өзүңүздөрдүн жана башкалардын ден соолугун ойлоп, элибиздин келечегине кам көрүп, өзгөчө абалдын талаптарын сөзсүз аткарууңуздарды суранат элек» деп айтылат.
«Келечекке жол» уюмун жакында коомдук ишмер Турсунбек Акун түзүп, бүткүл республика боюнча аксакалдардын катышуусунда жыйын өткөргөн.
31-мартка карата Кыргызстанда коронавирус 107 адамга жукту. Алардын үчөө айыгып чыкты. 25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал жарыяланды. (RK)