Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

Нарында коронавирус жуккандар бир үй-бүлө мүчөлөрү экени аныкталды


Нарын шаары.
Нарын шаары.

Өкмөттүн Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча COVID-19 вирусу 31-мартта аныкталган үч адам бир үй-бүлө мүчөлөрү болуп чыкты.

Нарын облусунда аталган илдет биринчи жолу 29-мартта Пакистанга дааватка барып келген бир кишиден аныкталган. Акыркы аныкталган үчөө биринчи катталган адамдын аялы жана уул-келини болуп чыкты. Бул адамдар менен байланышта болгон дагы 120дай киши ушул тапта обсервацияда жатат.

31-мартта Кыргызстанда жаңы коронавирус жугузгандардын саны 107 болду.

Кыргызстанда 18-марттан баштап өзгөчө кырдаал, 25-марттан баштап өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Нарын облусу өзгөчө абал киргизилген аймактардын катарына кошулбайт. (MiK)

XS
SM
MD
LG