Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:45

Акыркы катталган 23 адамдын төртөө илдетти сырттан жугузган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

30-31-март күндөрү коронавирус илдетин жугузуп алганы аныкталган 23 адамдын төртөө илдетке чет мамлекеттерде жүрүп кабылган. Калгандары өлкө ичинде, оорулуу адамдар менен байланышта болуп жугузушкан. Бул 19 адамдын ичинен төртөө 14 жашка толо элек балдар. Беш кишиге үй-бүлө мүчөлөрүнөн бири-бирине жукканы аныкталды. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб маалымдады.

Штабдын маалыматына ылайык, ушул тапта илдетке кабылгандар менен байланышта болгон 5771 адам аныкталды. Алардын ичинен 1561 киши тыгыз байланышта болушкан, тагыраагы жакындары жана үй-бүлө мүчөлөрү. 4210 киши башка түрдүү жолдор менен.

Учурда обсервацияда 1592 адам бар. Буга чейин 3870 адам обсервацияда көзөмөлдөн өтүп, үй карантинине чыгарылган.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 107 адамга жетти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG