Кыргызстанда доллар бир күндө дээрлик эки пайызга кымбаттады. Улуттук банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 31-мартка карата доллар 80 сом 81 тыйын болсо, 1-апрелде 82 сом 20 тыйын болуп, курсу 1,72% жогорулады.
Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар март айында кымбаттай баштады. Алгач 10-мартта үч сомго кымбаттаса, 20-мартта 85 сомго жетип, кайра арзандаган.
Мындай көрүнүштү Улуттук банк дүйнөдө жана өнөктөш мамлекеттерде каржы рыногунда болуп жаткан олку-солкулукка байланыштырган. (RK)