Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Бишкек коменданты: Түнкүсүн көчөдө бир да адам болбошу керек


Алмазбек Орозалиев.
Алмазбек Орозалиев.

Бишкек комендатурасы түнкүсүн көчөгө бир да адам чыкпагандай болушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу 1-апрелде борбор шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Күн сайын 100дөн кем эмес тартип бузуучулар кармалып жатат. Бул жакшы эмес. Биз бул көрсөткүчтү 0гө чейин азайтышыбыз керек. Жарандардын коопсуздугу ушундан көз каранды», - деди.

Орозалиев шаар тургундарын коменданттык саат эрежесин жана карантиндик-санитардык талаптарды бузбоого чакырды. Мыйзам бузуу үчүн тийиштүү чара көрүлөрүн эскертти.

25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилген.

1-апрелге караган түнү Бишкекте 119 адам кармалып, эртең менен коё берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG