Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Жанарбек Акаев: Журналисттердин иштешине уруксат берилиши керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө абал шартында Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарынын журналисттерине иштөөгө уруксат берилбей жатат. Бул тууралуу парламенттин депутаты Жанарбек Акаев 1-апрелдеги жыйында билдирди. Анын айтымында, өкмөт, Бишкек шаарынын комендатурасы эркин, абройлуу жыйырмадай маалымат каражатынын бирөөнө да уруксат бере элек.

«Эгер журналисттер ишенимдүү, такталган маалыматтарды берип турбаса калкыбыз ар түркүн фейк жаңылыктарга ишенип алат. Ошондуктан өкмөт мындай кырдаалда жарандарыбызга чындыктын жеткирилишине кызыкчылыгы болушу керек», - деди Акаев.

Бишкек баштаган бир катар аймактарда өзгөчө абал жарыяланганына байланыштуу чектөөлөр киргизилип, иштер атайын уруксат кагаздарынын негизинде жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин Бишкек шаарынын комендатурасы маалымат каражаттары үчүн атайын уруксат берилбей турганын маалымдаган.

Ушундан улам бир катар эркин маалымат каражаттары жана медиа уюмдар журналисттердин ишин чектөө Баш мыйзамга каршы келет деп билдиришкен.

Кыргыз өкмөтү өзгөчө абалдын шартында көчөгө чыгуу эрежелерин бузган адамга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айыппул салынаарын жарыялаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG