1-апрелде саат 12:00гө карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу дагы төрт кишиден табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Алардын бирөө Жалал-Абад шаарында, бирөө Сузак районунда, бирөө Кара-Көл шаарында жана бирөө Чүй облусунда катталган.
Ошентип, Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын саны 111 киши болду. Алардын 11и балдар.
18-марттан 31-мартка чейин коронавирус жуккандардын жалпы саны 107 болчу. Алардын үчөө айыгып чыккан.
25-марттан 15-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланган. (RK)