Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Вице-премьерликке Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министрлигине Сабиржан Абдикаримов сунушталууда


Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

Премьер-министр Кыргызстандын вице-премьер-министрлик кызматына Аида Исмаилованын, ал эми саламаттык сактоо министрлигине Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин Жогорку Кеңешке көрсөттү. Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин мүчөсү, депутат Жанарбек Акаевдин маалыматына караганда аталган талапкерлер комитеттин кароосунан өттү.

Жаңы жетекчилердин талапкерлигин коалициялык көпчүлүк карай тургандыгын кезексиз сессиянын түшкө чейинки отурумунда төрага Дастанбек Жумабеков билдирген болчу.

Аида Исмаилова - парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты. Ал эми Сабиржан Абдикаримов Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялар борборунун жетекчиси болуп иштеп келген. 2010-жылдан соң кыска убакыт саламаттык сактоо министри болуп турган.

1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди иштен алган. Коопсуздук кеңеши 31-марттагы отурумунда «коронавирустун алдын алуу боюнча жетиштүү иш жүргүзө алган жок» деп, аларга чара көрүүнү премьер-министрге сунуш кылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG