Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:57

УКМК өзгөчө абал режимин бузган аялдын күйөөсү менен кызматташууну токтотту


Жол тосуп турган комендатура өкүлдөрү. Ош шаары. 31-март, 2020-жыл. (Сүрөт Ош ШИИБна таандык).
Жол тосуп турган комендатура өкүлдөрү. Ош шаары. 31-март, 2020-жыл. (Сүрөт Ош ШИИБна таандык).

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин «жолдошум УКМКда иштейт» деп коркуткан аялдын фактысы боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) териштирүү жүргүзүп, аялдын тек-жайын тактады. Ал УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын медициналык пунктунда жарым ставкада иштеген, Ош шаардык ооруканасынын дарыгери Гамил Амановдун жубайы болуп чыкты.

Аялдын жосунуна байланыштуу 2020-жылдын 1-апрелинен тартып анын күйөөсү, дарыгер Гамил Аманов менен УКМКнын келишими бир тараптуу токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, материалдар Жазык кодексинин 355-беренеси («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө жүрүп жатат.

Ош шаарында Курманжан Датка көчөсү менен Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол тосуп турган милиция кызматкерлерине «күйөөм УКМКда иштейт» деп, жолдон өткөрүшүн талап кылган аял тууралуу видео соцтармактарга тараган. Окуя 31-мартта саат 15:00 чамасында болгон.

УКМК өзгөчө абал режимин бузган бардык жарандар мыйзам чегинде жазаланарын эскертүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG