Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Коопсуздук кеңеши жаңы обсервация жайын даярдоону сунуш кылды


«Манас» аэропортунун жанында ачылган обсервация жайы.
«Манас» аэропортунун жанында ачылган обсервация жайы.

31-мартта өткөн Коопсуздук кеңеши өкмөткө ушундай сунуш киргизди. Ага ылайык, өкмөт «Манас» аэропортунун жанында обсервациялык жайда кошумча орундарды жана өлкөдөгү аскердик бөлүктөрдүн биринде обсервациялык жайды даярдашы керек. Мындан тышкары, өзгөчө абал жарыяланган аймактарга биринчи керектелчү азык-түлүк менен камсыз кылуунун алгоритмин иштеп чыгышы керек.

Мындан сырткары Коопсуздук кеңеши өзгөчө абал жарыяланган аймактардагы мамлекеттик кызматкерлердин дистанттык режимде иштешин камсыз кылуу, коомдук жайларды дезинфекциялоо, жардамга муктаждардын тизмесин аныктоо сыяктуу чечимдерди кабыл алды.

Коронавируска байланыштуу кырдаалды караган Коопсуздук кеңешинин жыйыны 31-мартта өткөн. Анын жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков дүйнөдө жайылып жаткан пандемиянын алдын алууга жетиштүү аракет кылбаганы үчүн өкмөттүн айрым мүчөлөрүн сынга алган.

Бүгүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жумуштан бошотулганы белгилүү болду.

Учурда Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусун жуккандар 111 адамга жетти. 1588 адам обсервацияда жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG