Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Жасалма дем алдыруу аппаратына коюлган алгачкы бейтаптын абалы жакшы болуп калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустан улам жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган алгачкы бейтап өз алдынча дем ала баштады. Бул тууралуу 1-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бейтап Ош облустук ооруканасында. Абалы жакшыргандыктан аппараттан алынды.

«Өтө оор абалдагы бейтап аппараттан чыкты. Абалы туруктуу оор», - деди ал.

1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 111 адамга жукту, алардын үчөө айыгып чыкты.

Үч бейтап туруктуу оор абалда реанимацияда жатат. Динамикасы жакшы. Бирөө Ош облустук, экөө Ноокат райондук ооруканасында.

Буга чейин Кыргызстанда коронавирус жуккандардын ичинен жандандыруу бөлүмүнө түшкөн алты бейтаптын бешөө жалпы палатага которулганы, алтоонун бирине да жасалма дем алдыруу аппараты коюлбаганы айтылган.

25-марттан 15-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG