Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Өкмөт өкүлү журналисттердин ишиндеги чектөөлөр боюнча комментарий берди


Өкмөт Үйү.
Өкмөт Үйү.

Учурда жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо менен алектенип жаткандардын жүйөлөрү таасирдүү болууда. Бул тууралуу өзгөчө абал шартында бир катар маалымат каражаттарынын журналисттерине уруксат берилбей жатканына комментарий берген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев айтты. Ал азыркы шартта демократиялык өлкөлөрдө да журналисттерге бир катар чектөөлөр киргизилип жатканын мисал келтирген.

Буга байланыштуу Султаналиев журналисттердин көчөдө иштешине уруксат берилбей турганын айткан Бишкек шаарынын комендантынын билдирүүсүн «бардык жарандар эрежени сактоосуна жоопкер адамдын позициясы» деп баалаган.

Ошол эле учурда премьердин басма сөз катчысы өзгөчө абал шартында эркин жүрүүнү суранган маалымат каражаттары өз позициясын түшүндүргөн салмактуу жүйө келтире албай жатканын белгилеген. Буга карабай Адилет Султаналиев өкмөт аппараты журналисттер менен акыркы кырдаалды талкуулоого даяр экенин кошумчалаган.

Бишкек баштаган бир катар аймактарда өзгөчө абал жарыяланганына байланыштуу чектөөлөр киргизилип, иштер атайын уруксат кагаздарынын негизинде жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин Бишкек шаарынын комендатурасы маалымат каражаттары үчүн атайын уруксат берилбей турганын маалымдаган. Ушундан улам бир катар эркин маалымат каражаттары жана медиа уюмдар «журналисттердин ишин чектөө Баш мыйзамга каршы келет» деп билдиришкен.

Бүгүн бул маселе парламентте көтөрүлүп, айрым депутаттар маалымат каражаттарынын ишин чектөө туура эмес экенин айтышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG