Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Ноокат райондук санэпидкөзөмөл борборунун жетекчиси иштен бошотулду


Ноокаттагы карантин.
Ноокаттагы карантин.

Бул боюнча тууралуу «Азаттыкка» 31-мартта кызматынан бошотулган Эртабылды Көккөзов маалымдады. Ал Ноокат райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси болуп 2015-жылдан бери иштеп жаткан. Эртабылды Көккөзов Ноокатта коронавирус аныкталгандан тартып үйүнө бара элек экенин айтып, жумуштан бошотулушунун себебин эч ким түшүндүрбөгөнүн билдирди:

«Бул жерде менин күнөөм жок. Эки күн мурда бизге экспресс-тест келген. «Оштон атайын команда болмоюнча текшерүүнү баштабай тургула» деп айтышкан. Эртеси келип: «Эмне үчүн экспресс-тесттен өткөрбөдүңөр?» деп мени жумуштан алышты. «Экспресс-тест убагында жасалбай калды» деген шылтоо болду».

Ноокат райондук санэпидкөзөмөл борборунун жетекчисинин кызматтан бошотулушу тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берген жок.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык 1-апрелде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан бошотулду. Жарлыкта аталган вице-премьер менен министр Конституциянын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык бошотулганы белгиленген. (MdN)

XS
SM
MD
LG