Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Ооганстанда бомба жарылып, бир үй-бүлөнүн сегиз мүчөсү мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында жолго коюлган бомба жарылып, кичи автобуста бараткан сегиз киши мерт болду. Жергиликтүү полиция алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин, алтоо жаш балдар болгонун, дагы эки адам жаракат алганын билдирди.

Провинциянын губернаторунун өкүлү Омар Звактын айтымында, бул кандуу окуя Герешк районунда болду.

Кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз. Бул провинцияда «Талибан» кыймылынын жана «Ислам мамлекети» террорчул тобунун да жоочулары бар.

Өкмөттүк күчтөр Гилменддеги 14 райондун бешөөнү жана борбор шаары Лашкар Гахты гана көзөлдөйт. Калгандарынын баары, анын ичинде бул окуя болгон Герешк району да талибдердин карамагында.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын маалыматы боюнча, 2009-жылдан бери ар кандай куралдуу кагылыштарда, кол салууда 100 миңден ашык жайкын тургун каза болду.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы бир миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак. Бирок бул сүйлөшүүлөргө президент Ашраф Гани менен анын башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулланын өз ара саясий тиреши жолтоо болду. Андан сырткары Кабул менен «Талибан» туткун алмашуу тууралуу бири-бирине шарт коюп жатат.

XS
SM
MD
LG