Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абалдын экономикалык кесепети эсептелип чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады. Ага ылайык, өлкөдөгү керектөө 5,5% чейин кемиши мүмкүн.
Импорт – 11,7%, экспорт – 4,5%, дүң инвестиция – 3,6% азайышы күтүлүүдө.
Мындан сырткары мигранттар которгон акча азайып, айрым жарандар өлкөгө кайтып келиши мүмкүн. Быйыл январь айында мурдагы жылдарга караганда акча которуу 14% кемиген.
Коронавирус пандемиясынан улам бир катар өлкөлөр чек араларын жаап, соода, катнаш токтогон.
Ушундан улам Кыргызстандын быйылкы бюджетине 28 миллиард сом түшпөй калышы болжондонгон. Пандемиядан улам өлкө экономикасына тийе турган терс таасирди азайтыш үчүн президент Сооронбай Жээнбеков бир нече эл аралык каржы институтуна кайрылган. Анын ичинен Эл аралык Валюта Фонду 120 миллион доллар насыя берүүгө макул болгон. Кыргызстанда 1-апрелге карата коронавирус жуккан 111 адам табылды, алардын үчөө айыгып чыкты. (BkA)