Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:41

Өзгөчө абал үчүн ооруканаларда эки миңдей орун даярдоо планы иштелип чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам өлкөдөгү дарылоо мекемелеринин багытын кайра караштырып жатат. Бул боюнча атайын план иштелип чыкканын илдетке каршы республикалык штаб кабарлады.

Планга ылайык, эгер зарылчылык келип чыкса жалпы республикада 1943 орун (инфекциялык бөлүмдөрдө) коронавируска чалдыккандарды дарылоого ылайыкташтырылат. Алардын 254ү реанимациялык орун.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ооруканаларында 25 000 орун бар, алардын 1 800ү жугуштуу илдеттерди дарылоочу жайларда.

1-апрелге карата өлкөдө коронавирус 111 адамга жукту, алардын үчөө айыгып чыкты. 25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG