Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Орусияда аскерге чакыруунун жазгы мөөнөтү жылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу коронавирустан улам 1-апрелде башталчу аскерге чакыруунун жазгы жараянын 20-майга жылдырды. Орус армиясына жылына эки жолу - жазында жана күзүндө чакыруу болот жана 18 жаштан 27 жашка чейинкилер кабыл алынат.

Бул өлкөдө соңку бир күндүн ичинде оору дагы 440 адамдан табылды жана илдет жуккандардын саны 2800гө чамалады. Коронавирустан 24 адам көз жумду.

Мамлекеттик Дума ушул шейшембиде өпкөнү сезгенткен вирустун жайылышына каршы бир топ мыйзамдарды шашылыш кабыл алды. Алардын арасында карантин шартын бузгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жоболору камтылган мыйзам долбоору да бар.

Коронавирустан улам Орусиянын 50дөй аймагында карантин жарыяланды.

Казакстан менен Украина да жазгы армияга чакыруу өнөктүгүн кийинкиге калтырган.

XS
SM
MD
LG