Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл Кыргызстанда туризм тармагындагы көрсөткүчтөр кыйла төмөн болот деп божомолдонуп жатат. Бул тууралуу 1-апрелде Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, баары өзгөчө абал мөөнөтү канчага созуларына байланыштуу болот.
«Туристтик сезон быйыл 80% чейин төмөндөйт деп божомолдоп жатабыз», - деди ал.
1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 111 адамга жукту, үчөө айыгып чыкты. 25-марттан 15-апрелге чейин өлкөдө өзгөчө абал режими жарыяланган.
Кыргызстанда туризм - элдин киреше булактарынын бири. (RK)