Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

ТИМ: Индияда COVID-19 боюнча шектүү кыргызстандыктар жөнүндө маалымат жок


Индияда карантинди бузуп сыртка чыккан адамды жазалоо учуру.
Индияда карантинди бузуп сыртка чыккан адамды жазалоо учуру.

Индиянын Патна шаарында коронавируска байланыштуу шек жараткан он кыргызстандык жаран тууралуу Тышкы иштер министрлигинде азырынча маалымат жок, тактоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Индиянын маалымат каражаттары өлкөдөгү Бихар штатына караштуу Патна деген шаарда кыргызстандык 10 жаран кармалып, COVID-19 вирусуна байланыштуу текшерүүгө жөнөтүлгөнүн жазып чыккан. Маалыматта жергиликтүү мечитте жашынып жаткан бул жарандарды полиция тапканы айтылат. Аларда жаңы вирус табылган-табылбаганы тууралуу так маалымат жок.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Индиянын Хайдерабад шаарында 11 кыргызстандык коронавируска байланыштуу текшерүүдөн өткөнүн кабарлаган болчу.

Индия, Пакистан өлкөлөрүнө Кыргызстандан «Таблиги жамаат» кыймылынын мүчөлөрү даават кылыш үчүн барышат. Буга чейин Пакистанда үч кыргызстандыктан коронавирус табылганы кабарланган. (BkA)

XS
SM
MD
LG