Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:55

СOVID-19: Ысык-Көл айылындагы чыр тергеле баштады


Жамангул Тойгонбаев атындагы лицейдин жатаканасы. 1-апрель, 2020-жыл.
Жамангул Тойгонбаев атындагы лицейдин жатаканасы. 1-апрель, 2020-жыл.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда Ысык-Көл (мурдагы Маяк) айылындагы окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

1-апрелде Түп районундагы Ысык-Көл айылынын тургундары кесиптик лицейге тиешелүү айылдагы Жамангул Тойгонбаев атындагы лицейдин жатаканасын обсервациялык жай кылууга каршы митингге чыгышкан. Ал эми түнкүсүн аталган имараттын терезелерин белгисиз адамдар талкалап кеткендиги кабарланган.

Жергиликтүү айыл аксакалы Турдубек Жүдөмүшов «Азаттыкка» обсервация кылууга бул имараттын шарты жок экенин билдирди:

«Азыр эми сегиз айылдашыбызды обсервацияга жаткырабыз деп чечишти. Бирок бул туура эмес. Ичинде суу жок, даараткана иштебейт, тегерек-чети курчалган эмес. Көлдүн жээгинде шамал болуп, нымдуу абадагы инфекция тез жайылып кетиши ыктымал».

Ысык-Көл айылында үй карантин эрежесин сактабаган сегиз адам милдеттүү түрдө обсервацияга алынганын республикалык штаб билдирген. Алар чет өлкөлөргө (Орусия, Түркия) барып келишкен.

18-марттан 1-апрелге чейин Кыргызстанда жаңы коронавируска чалдыккан 111 адам катталды. Алардын үчөө айыгып кетти. 111 адамдын экөө - Ысык-Көл облусунда. (KS)

XS
SM
MD
LG