Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Казакстан: коронавирустан каза болгондордун сөөгү жакындарына берилбейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казак бийлиги өпкөнү сезгенткен вирустан каза болгон адамдын сөөгүн союуга жана жакындарына берүүгө тыюу салды.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова маркумдун жакындары анын сөөгүнө үч метрден бери жакын жолобошу керек экенин, ага эң жакын туугандары катышуусу зарыл болорун, маркум менен коштошууга бир сааттай гана убакыт берилерин айтты. Ошондой эле анын зыйнаты жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен сактык чаралары аркылуу гана ишке ашат. Ошондой эле диний жөрөлгөлөрдү бир гана дин кызматкери жүргүзөт. Соңку маалымат боюнча, Казакстанда коронавирустан үчүнчү бейтап көз жумду.

Акыркы бир күн ичинде Казакстанда коронавирус дагы 15 адамдан табылды, ошентип ооругандардын саны 370 адамдан ашты. Алардын басымдуу бөлүгү - Нур-Султан жана Алматы шаарларынын тургундары. Саламаттык сактоо министрлиги 24 бейтап айыкканын билдирди.

Казакстанда 16-марттан тартып өзгөчө абал жарыяланган жана бир катар ири шаарлар карантинге жабылган.

XS
SM
MD
LG