Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Абылгазиев: Бишкек комендантынын ишинде кемчиликтер болуп жатат


Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.
Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Премьер-министр мындай кемчиликтерди өзгөчө абал шартында алгач жолу иштеп жатканы менен байланыштырды.

«Комендатуранын уруксат кагаздарын сатып жатканы боюнча маалыматтар бизге келип түшүп жатат. Биз аларды текшерип, жойгонго аракет кылабыз», - деди Абылгазиев.

Буга чейин парламентте Бишкек комендатурасында башаламандык болуп жатканын бир катар депутаттар айтып чыгышкан.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек шаары баш болгон үч шаар менен үч райондо өзгөчө абал режими жарыяланган. Анын алкагында саат 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилип, чектөө коюлган. Бул учурда атайын уруксаты бар адамдар гана көчөгө чыгышы керек.

Бишкек шаарынын коменданты болуп ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев, Ош шаарына Малик Нурдинов, ал эми Жалал-Абад шаарына Жеңиш Жоробеков дайындалган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков комендатуралардын ишинде кемчиликтер бар экенин белгилеген. (BkA)

XS
SM
MD
LG