Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Комендатура депутат Акаевдин сынына жооп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын комендатурасы өзгөчө абал учурунда элдин маалымат алуу укугу чектелген жок деп эсептейт. 2-апрелде комендатуранын басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаевдин сынына жооп берип, жарандардын маалымат алуу укугун камсыз кылуунун жол-жобосу президенттин өзгөчө абал жарыялоо тууралуу жарлыгында да, Бишкек шаарынын комендатурасы жөнүндөгү жободо да бар экенин айтты.

Ошондой эле Коронавирустун жайылышына каршы ыкчам штабдын басма сөз борборунун базасында жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар үчүн онлайн-платформа түзүлүп, зарыл болгон бардык чара көрүлгөнү белгиленди.

Комендант бекиткен жобонун максаты расмий жана тастыкталган маалымат алууда жарандардын кепилдик берилген укуктарын камсыз кылуу болуп саналары айтылды.

Өзгөчө абал шартында Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарынын журналисттерине иштөөгө уруксат берилбей жатканын Акаев 1-апрелде парламенттин жалпы жыйынында билдирген. Ал өкмөт, Бишкек шаарынын комендатурасы эркин, абройлуу 20дай маалымат каражатынын бирөөнө да уруксат бере элек экенин айткан.

Коронавирус коркунучунан улам Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Алардын катарында Бишкек шаары да бар. (RK)

XS
SM
MD
LG