Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Бишкекте жасалма өткөрмө менен жүргөн айдоочу кармалды


Жасалма өткөрмө.

Бишкекте өзгөчө абал учурунда көчөгө чыгууга уруксат берүүчү өткөрмөгө окшош жасалма документ колдонуп жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу 2-апрелде шаардын комендатурасы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 1-апрелде болгон. Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде 32 жаштагы айдоочунун «Ланд Ровер» машинесин текшергенде терезесинде уруксат кагазы тагылып турган. Кылдат текшергенде ал өткөрмө жасалма болуп чыккан.

Машине атайын коюлуучу жайга токтотулуп, бардык чогултулган иш кагаздары Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Териштирүү Жазык кодексинин 359-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG