Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:09

Доллардын курсу кымбаттаганы байкалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда акыркы суткада доллардын курсу 1,5 сомго кымбаттаганы байкалды. Ушу тапта «Демирбанк», «Бакай банк», KICB, «Кыргызстан» банктарынын расмий сайттарында 1 АКШ доллары 84,50 сомго чыкты. Ал эми Улуттук банктын расмий курсу 82 сом 20 тыйын деп сакталууда.

Сомго карата кымбаттоо евродо да байкалып, учурда 1 евро 95 сомдон сатылып жатат. Расмий курс болсо 90 сом деп көрсөтүлгөн.

Акыркы эки жумадан бери сомдун чет өлкөлүк валюталарга карата туруксуздугу байкалууда. Акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар март айында кымбаттай баштаган. Алгач 10-мартта үч сомго кымбаттаса, 20-мартта 85 сомго жетип, кайра арзандаган.

Мындай көрүнүштү Улуттук банк дүйнөдө жана өнөктөш мамлекеттерде каржы рыногунда болуп жаткан олку-солкулукка байланыштырып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG