Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

УКМК: Өткөрмө жасаш үчүн пара талап кылган милиционер кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте милиция кызматкери өзгөчө абал учурунда тоскоолдуксуз жүрүүгө уруксат берүүчү өткөрмө кагазын мыйзамсыз жазып берүүгө шектүү катары камакка алынды. Бул тууралуу 2-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери бул үчүн акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. УКМК ал жеке компаниялардын биринин өкүлүнөн «санитардык бекеттерден жана блокпосттордон өтүүгө уруксат берүүчү өткөрмө жазып берем» деп пара талап кылган деп эсептейт.

Сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен башталды. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында өзгөчө абал жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG