Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Коронавируска каршы эсепке 80,5 миллион сом түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш боюнча депозиттик эсепке 1-апрелге карата 80 миллион 552 миң сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Өлкөдө коронавируска каршы депозиттик эсепке колунда бар адамдар, мамлекеттик жана жеке компаниялардын кызматкерлери айлыгынын эсебинен акча которушууда. Буга чейин өкмөт бул каражаттын ачык-айкын колдонулушун камсыз кылуу максатында бөлүштүрүү комиссиясын түзгөн. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген. Бирок комиссияга коомдук уюмдардын атынан мүчө болгон укук коргоочу Назгүл Турдубекова андан өз эрки менен чыгып кеткен. Мындай кадамды ал бул органда коомдук уюмдардын өкүлдөрү аз болуп жатканы менен түшүндүргөн.

Буга чейин бөлүштүрүү комиссиясы топтолгон каражаттын бир бөлүгүн коронавирус аныкталган аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча айлык катары берүүнү чечкен.

31-мартка карата Кыргызстанда 116 адам коронавирус инфекциясын жугузуп алганы аныкталды. Анын ичинен беш адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда 1708 адам обсервацияда жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG