Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Акыйкатчы өз ишин эркин жүргүзүүгө шарт түзүүгө чакырды


Акыйкатчы Токон Мамытов.
Акыйкатчы Токон Мамытов.

Акыйкатчы Токон Мамытов коронавируска каршы республикалык штабга, өзгөчө абал киргизилген аймактардагы коменданттарга жана ИИМдин, Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттык сактоо министрликтеринин жетекчилерине кайрылды. Мамытов өзү жана орун басарлары адам укуктарынын сакталышына көзөмөл кылыш үчүн өлкө боюнча эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө чакырды.

Өз кайрылуусунда акыйкатчы Кыргызстандын Баш мыйзамында жана бир нече мыйзамында бул институттун ишмердигине тоскоолдук жаратпоо зарыл экени айтылганын эскерткен.

Ушундан улам Токон Мамытов «тез арада ыкчам түрдө Акыйкатчынын, анын орун басарларынын жана аппарат кызматкерлеринин өлкө боюнча эркин жүрүшүн камсыз кылууга» чакырган.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпаш үчүн өлкө аймагында өзгөчө кырдаал, ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Мындай режим өлкө жарандарына жана ишкерлерге бир катар чектөөлөрдү киргизүүдө.

Мындан сырткары пандемияга байланыштуу дүйнөдөгү кырдаалдан улам бир катар өлкөлөр чек араларын жаап, соода, катнаш токтогон.(BKA)

XS
SM
MD
LG