Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Бишкекте уруксат берүү электрондук түрдө гана жүрөт


Алмазбек Орозалиев.
Алмазбек Орозалиев.

Бишкекте 2-апрелден тартып кагаз жүзүндө уруксат берүү токтотулду. Бул тууралуу борбор шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындан ары өзгөчө абал шартында уруксат эми электрондук түрдө гана берилмекчи. Мындай чара коррупциялык көрүнүштөрдү азайтат.

Орозалиев азыркы учурга чейин комендатура коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2700, ал эми медициналык кызматтарды көрсөткөн жана дары-дармектер менен камсыздаган фирмаларга 700дөн ашык өткөрмө кагаз берилгенин кошумчалады.

«Алар Бишкек шаарында азык-түлүк жана тамак-аш жеткирүү менен алектенишине бул жетиштүү. Азыр, албетте, калаанын чет-жакасында айрым кыйынчылыктар бар, биз бул маселелерди чечип жатабыз», - деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Электрондук уруксат алуу боюнча толук маалыматты 1312.tunduk.kg сайтынан таба аласыз.

Буга чейин парламентте жана маалымат каражаттарында комендатуранын уруксат кагаз бериши боюнча абдан көп сын айтылган болчу. Муну премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да моюнга алып, ишти оңдоо боюнча аракеттер болорун билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG