Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Зулушев: Референдум өткөрүү - менин жеке демилгем


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Кыргызстанда 4-октябрда башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорунун автору, Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев өз демилгеси тууралуу түшүндүрмө берди. Ал «Азаттыкка» сүйлөп жатып, бул мыйзам долбоору көптөн бери даярдалып жатканын билдирди.

«Бул менин жеке демилгем. Айрымдар «бийликтин буйругун аткарып жатат» дегени таптакыр туура эмес. Мен эч качан бирөөнүн буйругун аткарган эмесмин. Биз бул мыйзам долбоорун 19-мартта, өзгөчө абал кире элек учурда парламенттин аппаратына жибергенбиз. Аппарат 1-апрелде илип коюптур. Бул депутаттык көз карашым. Мыйзам долбоорун сайтка илдик. Президент, өкмөт, Борбордук шайлоо комиссиясы кандай сунуш киргизерин эми көрөбүз», - деди Зулушев.

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору 1-апрелден тартып коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, өлкөнүн башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумду быйыл 4-октябрда өткөрүү сунушталган. Референдумда жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек. Эгер мыйзам кабыл алынса, өкмөт референдум өткөрүүгө даярдык көрүүгө тийиш.

Бул демилге коронавируска байланыштуу өлкөнүн бир катар аймактарында өзгөчө абал киргизилген учурга туш келгендиктен социалдык тармактарда сын-пикирлерди жараткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG