Бул сан оору катталган алгачкы убактан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Коронавирустун жайылышына каршы ыкчам штабдын маалыматы боюнча, илдет жуккандардын жалпы саны 3548 кишиге жетти. Өпкөнү сезгенткен оорудан бир күндө алты адам каза болду жана көз жумгандардын саны 30 адамга жетти. Коронавирустан 45 адам айыкты.
Жагдайга байланыштуу Орусиянын 50дөй аймагында карантин жарыяланган.
Мамлекеттик Дума ушул шейшембиде өпкөнү сезгенткен вирустун жайылышына каршы бир топ мыйзамдарды шашылыш кабыл алган. Алардын арасында карантин шартын бузгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жоболору камтылган мыйзам долбоору да бар.
Чеченстан 5-апрелден тартып чек араларын жаба турганын билдирген.