Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:45

Москва бийлиги карантинди «Социалдык мониторинг» аркылуу көзөмөлдөйт


Иллюстрациялык сүрөт.

Москва шаарынын мэриясы жарандардын карантин режимин сактаганын көзөмөлдөп туруу максатында «Социалдык мониторинг» деген тиркемени түзгөнүн билдирди. Бийлик «бул тиркеме COVID-19га чалдыккан жана үйлөрүндө дарыланып бейтаптардын кыймыл-аракетин карап туруш үчүн эле керек» деп түшүндүрүп келатат.

Программа сыноо иретинде «Гугл плэйге» жарыяланып, кийин алынган. Бул тиркемени орнотуш үчүн чөнтөк телефондогу бир топ жеке маалыматтар керек. IT тармагындагы айрым адистер чогултулган маалыматтар каринтинге байланышпаган максаттарда пайдаланып кетиши мүмкүн деп эскертишет. Долбордун авторлору «бейтаптын жеке маалыматтары алынбайт, анын үйдө отурганы гана текшерилип турат» деп ишендиришүүгө аракет кылышууда.

Москвада жана Москва облусунда 30-мартта коронавирус эпидемиясына байланыштуу жарандардын эки жакка жүрүшүн чектеген катаал эрежелер киргизилген. Алардын сакталышын мэрия ошондой эле көчөлөрдөгү видеокамералар аркылуу да көзөмөлдөп турмакчы. Көп юристтер мындай карантиндик эрежелерди мыйзамсыз деп баалашат.

Орусияда соңку бир күн ичинде коронавирус 771 адамдан табылды. Бул сан оору катталган алгачкы убактан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Коронавирустун жайылышына каршы ыкчам штабдын маалыматы боюнча, илдет жуккандардын жалпы саны 3548 кишиге жетти. Өпкөнү сезгенткен оорудан бир күндө алты адам каза болду жана көз жумгандардын саны 30 адамга жетти. Коронавирустан 45 адам айыкты.

Жагдайга байланыштуу Орусиянын 50дөй аймагында карантин жарыяланган.

XS
SM
MD
LG