Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:21

3-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

3-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, үшүк жүрөт (0...-2), күндүз 16…21,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -0…5, күндүз 9…14,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 18…20 градус болот.

 

XS
SM
MD
LG