Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Бишкекте эки ун комбинаты аргасыз ишин токтотконун жарыялады


"Акундун" социалдык баракчасынан алынган сүрөт.
"Акундун" социалдык баракчасынан алынган сүрөт.

Бишкекте «Акун» жана «Бишкек ун комбинаты» ишканалары бүгүндөн баштап аргасыз жабылганын билдиришти. Буга себеп катары ишканалар өзгөчө абалдан улам кызматкерлеринин жумушка келе албай жатканын аталган ишканаларга ээлик кылган «Акун» компаниясы «Фейсбуктагы» баракчасында жарыялады.

«Тегирменден ун тарткан, жүктөгөн өндүрүштүн кызматкерлери кезектеги ирет жолдо коюлган блокпосттордон өтө албай калышты. Уруксат кагаздарын алуу боюнча кайрылуу өткөн жумада тапшырылганына карабастан дагы эле берилген жок жана документтер жоголуп кеткени белгилүү болду, - деп айтылат билдирүүдө. - Мындан сырткары кампаларда ун тарткан соң улпактар батпай, бул өз кезегинде өндүрүштү улантууга мүмкүнчүлүк бербей жатат».

«Акун» компаниясы - өлкөдөгү эң ири ун өндүрүүчү ишканалардын бири.

Буга чейин Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев азык-түлүк менен камсыз кылчу өндүрүштүн кызматкерлери уруксат менен камсыз болгонун билдирген.

25-марттан тартып коронавирусту жайылтпоо максатында Кыргызстанда Бишкек баштаган үч шаарда жана үч райондо өзгөчө абал режими жарыяланган. Ага ылайык, бул аймактарда коменданттык саат киргизилип, жарандардын эркин жүрүшүнө чектөө коюлду. Мындай шартта соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү, дарыгерлер жана айрым мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери атайын уруксат кагазы менен жүрүүгө милдеттүү. (BkA)

XS
SM
MD
LG