Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Пакистанда кыргызстандык үч дааватчыдан коронавирус табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистанда үч кыргызстандык коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу 2-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алар Абботабад шаарында. Жаш курактары 70, 68 жана 61.

Алар башка алты кыргызстандык жана бир орусиялык менен кошо Хайбер Пахтунхва провинциясында даават кылып жүрүшкөн.

ТИМ билдиргендей, «азыркы учурда ооругандардын бирөө ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (андан да коронавирус табылган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баарынын абалы туруктуу деп бааланууда».

Илдет жуккандар Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинде консулдук каттоого турган эмес, мекемеге жардам сурап өз алдынча кайрылган да эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG