Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Депутат Акаев өкмөттүн кадр саясатын сындады


Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова.
Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев өкмөттөгү акыркы кадр алмашууну сындап чыкты. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы жумуштан кетирүүнү «абдан чоң ката» деп баалады.

«Өмүрбекованы кетирип, айтор, жакшы иштеген, кесипкөйлөргө өкмөттө орун жок. Ал эми мындай кадрларды сактап калууга, керек болсо сырттагы күчтүү кадрларды өкмөткө алып келүүгө биз отурган мокок, жалтак, чечкинсиз парламенттин күчү кайдан жетмек эле. Парламенттик башкаруунун маңызын түшүнбөй, трибунаны, мандатты кор кылган үчүн президенттик эле башкаруу ыңгайлуу деген ойдун башын ача башташты да», - деп айтылат Жанарбек Акаевдин билдирүүсүндө.

1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди иштен алган. Коопсуздук кеңеши 31-марттагы отурумунда «коронавирустун алдын алуу боюнча жетиштүү иш жүргүзө алган жок» деп, аларга чара көрүүнү премьер-министрге сунуш кылган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул эки жетекчи өз арызы менен жумуштан кеткенин билдирген.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Аида Исмаилованын, ал эми саламаттык сактоо министринин кызматына Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин бекиткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG