Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

АКШ коронавируска каршы Орусиядан дары-дармек сатып алды


АКШ Орусиядан сатып алган дары-дармек.
АКШ Орусиядан сатып алган дары-дармек.

АКШнын Мамлекеттик департаменти шаршембиде Нью-Йоркко Орусиянын учагы менен жеткирилген дары-дармекке байланыштуу түшүндүрмө берди. Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Морган Ортогус АКШ менен Орусиянын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Путин 30-мартта телефон аркылуу сүйлөшкөндө Москвадан коронавирусту дарылоого керектүү медициналык жабдуу сатып алуу тууралуу макулдашканын билдирди. Ал тараткан маалыматта эки лидер каатчылык маалында бири-бирине гуманитардык жардам көрсөтүп туруу тууралуу сүйлөшкөнү айтылат. Бирок Ортогус дары-дармектин көлөмү, баасы жөнүндө эч кандай маалымат берген жок.

Мындан эки күн мурун Дональд Трамп Владимир Путин менен Орусиядан медициналык жабдуу алуу тууралуу макулдашканын билдирген. АКШдагы жалпыга маалымдоо каражаттарында бул маалымат кеңири чагылдырылган эмес, бирок орусиялык басылмалар бул жабдуу каражаттарын Москва Вашингтонго бекер берип жатканын жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG