Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Вице-спикер журналисттерге мүмкүнчүлүк түзүүгө чакырды


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутат Аида Касымалиева өзгөчө абал шартында журналисттердин иштешине шарт түзүүгө чакырды. Депутаттын «Азаттыкка» билдиргенине караганда бул жалган маалыматтын таратылышына тоскоол болот.

«Ачыктык маселеси журналисттердин ишинде тиешелүү. Азыр эркин журналисттер иштебей, суроолорун бере албаса, анда элде ишеним азаят. Мындай кырдаалда тескерисинче фейк маалымат тарабай, так маалымат берилиши үчүн журналисттер толук иштеши керек» - деди Касымалиева.

Буга чейин Бишкек шаарынын комендатурасы маалымат каражаттары үчүн атайын уруксат берилбей турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги кезексиз сессиясында бир катар депутаттар комендатураны журналисттердин иштешине шарт түзүүгө чакырган.

Ага чейин бир катар медиа уюмдар жана эркин маалымат каражаттары комендатуранын мындай чектөөсү Баш мыйзамга каршы келерин эскертишкен.

Премьер-министрдин басма сөз катчысынын билдиргенине караганда өкмөт коопсуздукка кам көрүп жаткан күч органдарынын чечимин жүйөлүү деп эсептейт, бирок маселени дагы талкуулоого даяр.

COVID-19 инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында республиканын бир катар аймактарына 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизилген. Алардын катарына Бишкек, Ош шаарлары да кирет.

2-апрелге карата Кыргызстанда илдет жуккандардын саны 116 киши болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG