Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

«Кыргыз почтасы»: Пенсияны бул жолу өзүбүз жеткиребиз, үйдөн чыкпаңыздар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргыз почтасы» пенсионерлерди үйдөн чыкпоого чакырып, бул жолу пенсия ар биринин үйүнө жеткирилип берилерин жарыялады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта республиканын бардык аймактарында почта бөлүмдөрү 9-апрелде ачылары, почточулар ошол эле күнү пенсияны тарата баштай тургандыгы белгиленди.

Мекеменин маалыматына караганда, коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында бардык почта бөлүмдөрү жана кызматтык автоунаалар дезинфекциядан өттү. Бул үчүн 1800 атайын кийим, 10 миң беткап, 8 миң мээлей жана 920 литр антисептик сатылып алынды.

Мамкаттоонун кайрылуусунда: «Өтүнөбүз, үйдөн чыкпаңыздар! Почточулар ар бириңердин үйүңөргө барып, пенсия же жөлөкпулду жеткирип берет. Эгер зарыл болсо дем алыш күндөрү да иштешет», деп айтылат.

25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстанда коронавируска байланыштуу көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал режими киргизилип, көп мекеме-ишканалар убактылуу жабылган. Адамдарга себепсиз көчөгө чыгууга, топтолууга тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG