Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Владимир Путин эс алуу күндөрүн 30-апрелге чейин узартты


Владимир Путин соңку бир апта ичинде ушуну менен элге экинчи ирет кайрылды.
Владимир Путин соңку бир апта ичинде ушуну менен элге экинчи ирет кайрылды.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2-апрелде элине дагы бир сыйра кайрылды. Анда өлкө боюнча апрель айын иштебей турган күндөр деп жарыялады. Эс алып аткан учурда мамлекеттик кызматчы-жумушчулардын айлык акысы сакталарын билдирди.

Путин андан сырткары Орусиянын карамагындагы аймактардын башчыларына өздөрүнө ыңгайлуу карантин чараларын киргизиши үчүн кошумча ыйгарым укук берди.

Орусияда коронавируска байланыштуу жагдайдан улам өзгөчө абал же кырдаал жарыяланган жок. «Медуза» жана «Ачык Медиа» сайттары президенттин администрациясындагы ишенимдүү булактарына таянып Путин катаал карантин чаралары анын эл арасындагы кадыр-баркын түшүрөт деп эсептей турганын жазды. Ошондой эле премьер-министр Михаил Мишустин да ушундай эле себептерден улам өзгөчө абал жарыялоого жоопкерчилик алгысы келбей турганын билдирди.

Путин мындан бир жума мурун, 25-мартта эле элге кайрылган жана анда 30-марттан 5-апрелге чейин бир жумалык эс алуу жарыялаган. Ошондой эле Конституцияны өзгөртүү боюнча 22-апрелде өтө турган референдумдун мөөнөтүн илдетке байланыштуу кийинкиге жылдырган.

Орусияда соңку бир күн ичинде коронавирус 771 адамдан табылды. Бул сан оору катталган алгачкы убактан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Коронавирустун жайылышына каршы ыкчам штабдын маалыматы боюнча, илдет жуккандардын жалпы саны 3548 кишиге жетти. Өпкөнү сезгенткен оорудан бир күндө алты адам каза болду жана көз жумгандардын саны 30 адамга жетти. Коронавирустан 45 адам айыкты.

Жагдайга байланыштуу Орусиянын 50дөй аймагында карантин жарыяланган.

XS
SM
MD
LG