Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө жайлардан жөө кишилерди жана автоунааларды өткөрүү убактылуу токтотулат. Ушундан улам Мамлекеттик чек ара кызматы ары-бери өтүүнү каалаган Казакстандын аймагындагы кыргызстандыктар, Кыргызстандагы казак жарандары «Чоң-Капка-автожол» (Кыргызстан) – «Айша Биби-автожол» (Казактан), «Ак-Тилек-автожол» (Кыргызстан) – «Карасуу-автожол» (Казакстан) өткөрүү пункттары аркылуу чыгып кетиши керек экенин эскертти. Казакстандын аймагынан үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын жана кыргыз жарандарынын транзит катары өтүшүнө убактылуу тыюу салынган. Бирок айыл чарба өндүрүмү, тамак-аш, эл керектөөчү товарлар эки багытка тең өтүшүнө чектөө жок. Ушундай эле товар менен транзиттик жүк ташуу «Ак-Тилек-автожол» жана «Чоң-Капка-автожол» өткөрүү пункттары аркылуу жүргүзүлөт. Ал эми темир жол боюнча «Кайыңды-темир жол» өткөрүү пункту иштеп жатат.
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу да жарандарды жана машинелерди өткөрүү убактылуу токтотулду. Бирок өзбек тараптын чечими менен Кыргызстанда жүргөн Өзбекстандын жарандары белгилүү мөөнөттө топтошуп чыгып кете алат. Бул өлкө менен да айыл чарба өндүрүмү, тамак-аш, эл керектөөчү товарлары бар автоунааларды, ошондой эле транзиттик жүктөрдү өткөрүүдө чек коюлган жок.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу да адамдардын жана автоунаалардын өтүшүнө убактылуу тыюу салынды. Ушундан улам Тажикстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандары «Кайрагач-автожол» жана «Маданият-автожол» өткөрүү пункту аркылуу чыгып кете алышат. Тажик бийлигинин чечими менен Кыргызстандын аймагында жүргөн тажикстандыктар өз мекенине убактылуу кире алышпайт. Бул эки өлкөдө жүк ташууга чектөө жок.
Кыргыз-кытай чек арасы жабык турат. Бул жактан гуманитардык гана жүк өткөрүлөт. Учурда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташууну жандандыруу маселелери чечилип жатат.
Бардык мамлекеттик чек арадан өтүүдө жүк ташуучу машинелердин айдоочулары милдеттүү түрдө беткапчан болуп, мээлей кийиши керек. Талаптарды аткарбагандар паспорттук көзөмөлдөн өтө албайт. Жүк ташуучу машинелердин ичинде бир гана айдоочусу болушу керек.
Мындан сырткары «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда эл аралык жүргүнчү авиарейстер убактылуу токтотулду. Жүк ташуу «Манас»аэропорту өткөрүү пункту аркылуу иштеп жатат. (TSh)