Түркмөн бийлиги 1-апрелден тартып банктардан акчаны чет өлкөлүк валюта менен алууга тыюу салды. «Азаттыктын» түркмөн кызматы ишенимдүү булактарына таянып, бул тууралуу Борбордук банк оозеки түрдө көрсөтмө бергенин, эми банктардан акча манат менен гана берилерин жазды.
Turkmenistan.news өз алдынча сайты аталган өлкөдөгү эл аралык энергетикалык компаниялардын кызматкерлерине шилтеме кылып буга чейин айлык акысын доллар жана евро менен алып келген чет өлкөлүк компанияда иштегендер манат ала баштаганын билдирди.
Түркмөнстандын Борбордук банкы 2015-жылы бир доллардын баасын 3,5 манат деп расмий белгилеп берген. Ошондон бери доллардын расмий курсу өзгөрө элек. Бирок көмүскө акча алмаштыруучу жайларда доллар беш эсе кымбат.
Ашхабад өткөн айда чет өлкөлүк валютаны жүгүртүүгө көзөмөлдү күчөткөн. Ага Кытайдын түркмөн газын албай калгандан кийинки абал себеп болгону айтылган.