Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:56

Өкмөт: жүк ташуучу автоунаалар өткөрмө кагазы жок жүрө алат


Иллюстрациялык сүрөт.

2-апрелдеги республикалык штабдын жыйынында жүк ташуучу автоунаалар санитардык-карантиндик посттор аркылуу тоскоолдуксуз өтүшү үчүн уруксат кагазы жокко чыгарылды.

Башкача айтканда, мындан ары жүк ташыган машинелер посттордон эркин өтө алышат. Жыйында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев калкка керектүү жүк ташыган автоунааларга эч кандай тоскоолдук болбошу керек экенин белгиледи.

«Дары-дармектерди жана социалдык жактан маанилүү товарларды ташыган жүк ташуучу машинелерди тоскоолдуксуз өткөрүүнү камсыз кылыш керек. Алар үчүн жашыл коридор уюштуруу кажет. Тактап айтканда, жүк ташуулар үчүн эч кандай бөгөт болбошу зарыл», - деди өкмөт башчы.

25-марттан тартып коронавирусту жайылтпоо максатында Кыргызстанда Бишкек баштаган үч шаарда жана үч райондо өзгөчө абал режими жарыяланган. Ага ылайык, бул аймактарда коменданттык саат киргизилип, жарандардын эркин жүрүшүнө чектөө коюлду. Мындай шартта соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү, дарыгерлер жана айрым мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери атайын уруксат кагазы менен жүрүүгө милдеттүү. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG